Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2008-жылы өлкөнүн билим берүү, илим, маданият жана маалымат багыттарында китепканалардын олуттуу ордун белгилөө максатында 27-майды Китепканалар күнү деп жарыялаган. Бул күн Кыргыз өлкөсүндө 1902-жылдын 27-май күнү алгачкы коомдук китепкананын ачылыш салтанатына тушташ белгиленет.
Бул күндү китепкана кызматкерлери өз кесиптик майрам катары да белгилеп келишет. Кыргыз жергесинде жалпы фонду 19 миллион китепке жеткен 1 миңден ашуун китепкана иштеп жатканы маалым.
Ал эми расмий түрдө Китепканалар күнүн белгилөө 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан демилгеленген.
27-майдын жылнаамасы.