Орусияда өтө турчу FIFA Конфедерациялар Кубогуна байланыштуу чет элдиктер үчүн өзгөчө тартип киргизилерин орусиялык басылмалар жазышууда. Бул маалыматты Кыргыз Республикасынын Орусиядагы Элчилиги тастыктап, бирок буга байланыштуу азырынча тиешелүү органдардан расмий кат келе электигин бүгүн, 27-майда кабарлашты.
Орусиянын президенти Владимир Путин 2017-жылдын 9-майында №202 буйрук чыгарганы белгилүү болду. Ага ылайык, FIFA 2017 кубогунун маалында 1-июндан 12-июлга чейин коопсуздук чаралары күчөтүлөт, ошондой эле аталган аралыкта Казань, Москва, Санкт-Петербург жана Сочи шаарларына келген чет элдик жарандар жашаган дареги боюнча 1 күндүн ичинде каттоого турууга милдеттүү.
"Бул маселе боюнча орусиялык тарап менен ЕАЭБдин жана эки өлкөнүн жарандарынын өлкөдө жүрүүлөрү боюнча келишимдердеги жоболорду эске алуу менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Учурда орусиялык тараптан Кыргыз жарандарынын Орусияда жүрүү тартиби тууралуу расмий билдирүү келе элек", - деп жазылат Элчиликтин маалыматында.
Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге мүчө болгон соң Кыргыз жарандардын Орусияда жүрүшү келишимге ылайык болушу керектигин эскерте кетебиз.