КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова журналист Үпөл Анаркулованы 10 эркекке салып берем деп коркутуп, мазактагандан кийин Анаркулова эл өкүлүнүн жоругуна чара көрүшү үчүн бир катар бийлик өкүлдөрүнүн атына кат жазган эле. Журналист бүгүн, 1-июнда SUPER.KG порталына Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен жооп келгенин билдирди.
Ал депутатты наамдарынан ажыратуу боюнча жазган суроолоруна канааттандырарлык жооп албаганын айтат.
Министрликтин билдиришинче, Мусабекованын ысымы Бирлик айылындагы китепканага Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылындагы жергиликтүү кеңеш тарабынан берилген. Журналистке жазган катта Маданият министрлигине аталган инсандын ысымын ыйгаруу тууралуу сунуштар келип түшпөгөнү белгиленген.
Анаркулова маданият министри Түгөлбай Казаковго жазган кайрылуусунда "Мусабекованын “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамын алгандыгы жана өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылындагы айылдык китепканага анын аты ыйгарылгандыгы маалым. Элди каалагандай калчагысы келген мындай маданиятсыз, тарбиясыз жана зордукчул адамдын мындай маданий наамдарга ээ болушунун өзү ал наамдарды шылдыңдагандык деп эсептейм. Ошондуктан Ж.Мусабекованы алган наамдарынан ажыратуу маселесин карап чыгууңуздарды суранам", - деп жазган эле.
Айта кетсек, 25-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бул маселени карабай фракцияга жиберген эле.
Интернетке депутат Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы абийирине шек келтирип, телефондон 10 эркекке салып берип зордуктатам деп коркутканы жарыяланган. Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Ал эми Анаркулова аудио монтаждалбаганын, сүйлөшүү түз эле телефонго жазылганын билдирген.
Үпөл Анаркулова эл өкүлүнө тийиштүү чара көрүү боюнча президент, парламенттин төрагасы, маданият министри, регламент боюнча комитеттин төрайымына кайрылуу жасаган. Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов журналисттин кайрылуусу президенттик аппаратта караларын кабарлаган.
КСДП фракциясынын жыйындарына Жылдыз Мусабекова эки ирет катышпай, маселе каралган эмес. Анда фракция лидери Иса Өмγркулов депутаттын ооруп калганын айткан.