Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында глобалдык фонддун ВИЧ-СПИД, кургак учук жана малярия менен күрөшүү боюнча координациялык комитеттин мүчөлүгүнө бекитүү маселеси каралды.
Аталган комитеттин төрайымынын орун басары Алмазбек Токторов КСДП фракциясынын эки депутаты Альфия Самигуллинаны жана Гүлкан Молдобекованын талапкерлигин көрсөттү.
Буга чейин координациялык комитеттин мүчөсү болгон “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Аида Исмаилова ишин улантууну каалаганын жашырган жок. Анын талапкерлигин депутат Рыскелди Момбеков жана “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз колдоду. Ошондой эле эки талапкер тең бир фракциядан болуп калганын айтты. Исмаилова менен Молдобекова бирдей 5тен добуш алды. Молдобекова өзүнө добуш бергенин айтып, комитеттин төрайымынын добушу салмактуу боло турганын эскертти. Ал эми Самигуллинага депутаттардын баары добушун берди.
Жыйынтыгында Альфия Самигуллина жана Гүлкан Молдобекова комитеттин мүчөсү болуп бекитилди.