Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, суу тосмонун 60 метр аралыгын алып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Таңкы саат 05:00дөр чамасында Ноокен районунун Арал айыл аймагынын Арал тилкесиндеги Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп 140 метр кубга жеткен. Жээктерди бекемдөө үчүн ӨКМнын атайын техникалары тартылган. Учурда коргоочу тосмону калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.