Өткөн жылга салыштырмалуу 2013-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын алтын экспорттоосу 24,4 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, январь-март айларында товар экспорттоо 2012-жылга салыштырмалуу 10,5 пайызга, алтынды эске албаганда 2,5 пайызга төмөндөгөн. Ошондой эле тышкы соода айлануунун көлөмү аталган убактын ичинде 1477,9 миллион долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2012-жылга салыштырмалуу 5,4 пайызга жогору.