18-19-май күндөрү Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

18-19-май күндөрү Бишкекте Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки аралыгы, эски аянт, Абдымомунов көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Коомчулук менен байланыш башкармалыгы билдирди. Жолду жабуунун себеби бул күндөрү өтө турган “Билим фестивалына” байланыштуу. Маалыматка ылайык, аталган фестиваль бир эле мезгилде шаардын бир нече жеринде – “Ала-Тоо” аянтында, Мамлекеттик тарых музейинин алдында, Кыргыз жана орус драм театрларынын алдында, балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” чыгармачылык борборунда өткөрүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан