Талас облусунда "Жер-Үй" алтын кенине байланыштуу нааразычылык акциясы уланууда. Бул тууралуу митингди уюштуруучулардын бири Асан Кубаныч уулу билдирди.
Анын айтымында, митингчилер өкмөт "Жер Үйдү" иштетпөө боюнча чечим кабыл алмайынча бул көрүнүштү уланта беришет. Аталган нааразылык акциясы 15-майда Чат-Базар айылында башталып, ага 150 адам катышып, бир нече боз үйлөр да тигилген. Ал эми бүгүн 10 адам ачкачылык жарыялады.