Бүгүн Бишкек шаарында болжол менен саат 14:30дар чамасында катуу шамал катталды. Өзгөчө кырдаалдар министри билдиргендей, шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-22 метрге жетти. Бул арада SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына окурмандардан шамалдагы кыйроолордун сүрөттөрү келип түштү.
Окурмандар билдиргендей, Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн батиринин тунукеси, Бишкектеги №4-шаардык оорукананын имаратынын чатырынын тунукеси учкан.
Мындан тышкары Чыгыш-5 кичи районунда жеңил унааны, Фрунзе көчөсүндө жеңил унааны, Лев Толстой көчөсүндө Мерседес-Бенц Спринтер унаасына бак кулап, басып калган. Мындан тышкары Жаш Гвардия бульварындагы бактардын кулаган сүрөттөрүн жөнөтүшкөн.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.