Бүгүн, 23-июнда катталган катуу шамалда Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндө бараткан Мерседес-Бенц спринтер унаасынын үстүнө бак кулап, андан жабыркаган өспүрүм кыздын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык №3-ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков SUPER.KG'ге билдирди.
“Түштөн кийин ооруканага Аделя аттуу 12 жаштагы өспүрүм кыз келип түштү. Оор абалда келген, азыр да эсине келе элек. Учурда жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен карап жатабыз. Азырынча өзгөрүү байкала элек. Биз дарыгерлер болгон мүмкүнчүлүгүбүз менен иштеп жатабыз”, - деди Талантбек Өмүрбеков.
Буга чейин катуу шамалдан Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндө бараткан Мерседес-Бенц спринтер унаасынын үстүнө дарак кулап, унаада бараткан айдоочунун колу сынып, жанындагы 5-класста окуган карындашы оор жаракат алгандыгы маалымдалган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.