ЭЛДИК КАБАР: Якутияда өткөн эл аралык фестивалда Кыргыз жигити баш байгени жеңип алды

Якутиянын (Саха республикасы) Майя районунда өткөн "Зов земли Олонхо" аталышындагы 2-эл аралык фестивалда Кыргыз жигити "Кыргыз бийи" аттуу ырды аткарып, Гран-Прини жеңип алды. "Ошончо катышуучунун арасынан кыргыз бала баш байге жеңгенине кубанып жатабыз. Кыргыз жигити, жеңүүчү Аязбек Бекманбетов баш байге менен катар Түркиянын Анталия шаарында өтө турган фестивалга да жолдомо утуп алды. Ага "Бриллиант чороон" деген сыйлык ыйгарылды", - дейт окурман. Ошондой эле жеңүүчү Бекманбетов КГУСТАда 2-курстун студенти, Якутияда жеке ишкерлик кыла турганын кошумчалайт окурман.

Маалымат үчүн: "Зов земли Олонхо" фестивалы фольклордук жанрды өнүктүрүү максатында уюшулат. Анда ырдоо өнөрүнөн тышкары кара сөз түрүндөгү айтымдарды жана бий чеберчилигин көрсөткөн таланттар да катышышат.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
surgeon777
2017-06-24 12:11:28
Онорун оссун.Азамат!
+2
RusMos76
2017-06-24 12:30:07
Баракелде!
+2
chakantash89
2017-06-24 12:44:25
Азамат.
+2
gitaris93
2017-06-24 12:52:35
Баракелде кыргыздын жакшы жактарын корсотуп журо бергиле болот экенго жакшы кабар уксак каяктагы олтуруп кетти тоноп кетти деген ден башка чыкпай калды эле РФда
+2
venera9899
2017-06-24 13:11:23
Азаматсын)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан