"Альянс Алтын" айт майрамын утурлай ооз ачыруу иш чарасын уюштурду

"Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому Талас облусунун бардык шаар-райондорунун өкүлдөрүнөн турган 500 орозо кармоочуларга Талас шаарындагы “Талас" ресторанында ооз ачырды. Коноктордун арасында коомубуздун бардык тармактарынан өкүлдөр, аксакалдар, жаштар, аялдар, имамдар, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер болушту.

Катышуучуларды Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Кенекеев ыйык Рамазан айы менен куттуктап, “Альянс Алтын” компаниясы облустун экономикалык-социалдык өнүгүүсү үчүн мааниси зор экендигин белгиледи.

“Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун Башкы директорунун орун басары К.Мусаев дагы облус тургундарын Орозо айы менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө байгерчилик, жетишкендик каалады. Ошондой эле ифтардын катышуучуларына “Жер Үй” алтын кенинин негизги инвесторлору болушкан Муса Бажаев менен Алижан Ибрагимовдун атынан атайын ушул иш-чара үчүн Москва шаарынан келишкен “Русская Платина” ачык акционердик коомунун өкүлдөрү Ахмед Бажаев менен Леонид Андреевдер куттук айтышып, өлкөгө өнүгүп өсүү тилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
CEO
2017-06-24 19:45:18
Кумторго окшоп Жер-Уй алтын кенин да бийлик арзыбаган акчага оруссиялык/кавказдык миллиардерге сатты. Бул келишимдин артында бийликтин чооон жеке кызыкчылыгы бар эле, Кумторго окшоп "сол чонтокко" алтын тыйындар шынгырай турган. Элдин байлыгын эл каршы чыкса да бийлик болбой сатты. Эми бир ууч атка минерлер учун откорулгон ооз ачарды корсотуп реклама кылып жаьышат.

Ошол байлыкты мамлекет озу иштетсе, жалпы Кыргызстандыктар учун ооз ачар откоруу колдон келээр эле!!!
+4
Aidar.001
2017-06-24 20:30:09
CEO,туура айтасын! !!бирок биздин чиновник тер," ит уро берет, кербен журо берет " деген макалды принцип кармап алышып оздору билгенин кылып жатканы окунучтуу бп жатпайбы!
+1
-Dybala-
2017-06-24 20:58:28
Атамбаевден коркконун ушинтип жататта.

Атамбаев болбосо элдер ачка калатко.
-2
CEO
2017-06-25 01:05:28
-Dybala-, Атамбаев болбосо Атамбаевдин Арзыматтары ачка калышы мумкун, эл эмес. Эл кыйналып болсо да, тентип болсо да кара курсагын багып жатат, ач кенедей элдин канын соргон 120 депутат, Окмот, президент, прокурор-сотторун кошо багып жатат керек болсо...
-1
Jarookerjan
2017-06-25 01:17:01
-Dybala-,Атамбаев жок болсо сен эле ачка калышын мумкун.Ошол Атамбаев дагы президент болуп 5,10 жыл турса ошондо жалпы Кыргызстанды ачка калтырат.
-1
wwwonline
2017-06-24 22:04:29
Ushintip ele aldanyp kalasynarby el jurt ???
+2
Adi.Avazbekov
2017-06-25 11:23:30
1 ай чыгарасынарбы ушуну эми
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан