ЭЛДИК КАБАР: Ошто окуучулар ижарага алган жол тандабас унаа менен кырсыкка кабылды

Ош шаарында окуучулар үйлөнүү үлпөтүнө берилген Мерседес-Бенц-Гелендваген үлгүсүндөгү унааны ижарага алышып, жол кырсыгына кабылды. Окуя кечээ, 24-июнда болгондугун окурман SUPER.KG порталына маалымдады.

"Унаанын ичинде жалаң окуучулар болгон. Унааны башкарып бара жаткан айдоочу да окуучу. Бактыга жараша жабыркагандар болгон жок. Унаанын кожоюну, балдардын ата-энелери кырсык болгон жерге чакыртылды. Айрым маалыматтар боюнча окуучулар кечке чейин шаар кыдырып, кечинде ресторанга барышмак", - деп айтылат окурмандын билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
rejepova
2017-06-25 10:58:08
Ата эненин эле шору экенда.
+15
tynara81
2017-06-25 11:05:14
Ушул сыяктуу окуялар эч эле сабак болбоду да окуучуларга. Ата-энелерге сабак болсо экен эч болбосо. Мен тигиден кемминби дедирбей, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери чогулуп,ушундай нерселерге чогуу бөгөт коюу керек. Дагы жакшы жабыркагандар болбоптур. Ата- энелердин чөнтөгү жабыркайт эми.
+9
Jaziko80
2017-06-25 11:11:11
Оштун кайсы жери болду экен.
+2
pixduel1
2017-06-25 11:52:09
Чын эле азыркы жаштарга тушунбойсун! Омурубуздо бир жолу окууну бутобуз кдассташтар менен майрамдасак эмне болот дейт , анан аргасыздан ата-энелери майрамдашсын десе аны да жакшы тартиптуу откоро алышпайт! Койрондонбой жакшы ойноп келсенер болбойбу? Ата-энени кыйнабай! Же ата-энелери бир жолу чекит коюп койбойт ушундай нерселерге ! Мамлекет откорулблйт деп какшап атты элего кана откорулбогону?!
+2
bond02
2017-06-25 12:19:33
Гелик!
-2
Jeka1996vip
2017-06-25 12:34:40
Атайын кырсыкка кабылгандай жазыпсынар го мынлай нерсени кырсык деп коет айдабай журсон деле кырсыка кабыласын эгер мандайына кырсык жазылган болсо.акча табылат балдары аман ьолгонуна суйунушсун.жон жерден турмодо жаткандар деле бар акча жардам береалбаган.бул нерсени тушунуу менен кабыл алыш керек
-1
temirov76
2017-06-25 13:47:12
Jeka1996vip,маңдайына жазылган болсо көрө берет да деп эле машинаны эч жерде окубаган правасы жок каны али суюк балдарга берип кое бериш к.кби,АЛЛАХ да сактанганды сактайм деген.
+6
Han1
2017-06-25 19:25:30
Jeka1996vip,ошо да
Эн башкысы тируу экен го
-1
Дарыгер
2017-06-25 12:38:23
Тооба кылдым! Ар биринин ата энеси 7-8 мин доллардан чыгым го. Жакшы нерсе болбоптур. Озу мектепти бир жолу бутобуз деп ойго келгенди кыла берген болбойт. Адамзат керек болсо ар бир кунубузду бир эле жолу жашайбыз! Ар бир аткан таныбыз учун АЛЛАХга шугур келтирип жашайлы туугандар.
+3
Hadyja
2017-06-25 12:51:57
Озунундун машинан болбогондон кийин,аны айдап,кимге?мнени?билгизейин дейт?такыр тушунбойм.
Кимге матанып?тан калдырайын дейт?Биз коргон дуйнодогу байлардын балдарынын машинасы,озунуку,ошого суротко тушуп мактанышат.Анан аларды туурайм дей коюп,каз карганы туурайм деп бутун сындырыптыр болот.
+2
Ulan2601
2017-06-25 14:55:34
Банкроттун туру коп дечуу беле
+1
Ronaldo.99
2017-06-25 14:57:06
Жон эле журбоптурда.Геликтин акчасын толош охоо
+1
Elmiraattokurkyzy
2017-06-25 16:13:22
Иии ата энелерине эле кыйын эми
+1
Dilnaz.kiko
2017-06-25 16:34:21
Быйыл эсен бутуруп алса экен бутуруучулор деп,атым эле озумунда синдим 9 классты бутуп атат кой дегенди укпайт экен азыркылар,тоо десе тоого барып шаарга айланып.баарынан ата энелерге эле кыйын экен
+1
daak9191
2017-06-26 01:42:38
Ой ботом аман экен темир табылат....бирок тико менен эле чыксанар болмок экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан