Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында “Замандаш” ассоциациясы тарабынан уюштурулган “Мамлекеттик миграциялык саясат концепциясы: жол издөө” аттуу тегерек столдор өтөт. Бул тууралуу аталган ассоциациянын басма сөз кызматы билдирди. Алгачкы жыйын Ош шаарында бүгүн, 17-майда өттү. Иш-чарага окумуштуулар, ЖОЖ окутуучулары, бийлик органдарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышмакчы. Ал эми Жалал-Абадда 20-майда “Жалал-Абад облусуна миграциянын тийгизген таасири” аттуу жыйын болсо, Баткен шаарында “Чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын Баткен облусунун өнүгүшүнө инвестициялык жана кадрдык жактан кошкон салымы” аталыштагы жыйын 22-майда өтмөкчү.