Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Ажек айылында 24-июндан бери таза суу жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда SUPER.KG'нин окурманы билдирди.
Окурмандын маалыматына ылайык, бул аймакта 24-июнь күнү катуу жаандан улам сел жүргөн.
"Сел Ак-Башат-1-Май айылдарын байланыштырган жолду алып кетти, унаа жүргөнгө мүмкүн болбой калды. Бул күнү Ажек айылындагы таза суу түтүктөрү да сынып кеткен. Ошондон бери сууну 15 чакырым алыстыктан ташып ичип жатабыз", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.