Бишкектеги "Тазалык" ишканасы автоматташтырылган унаа жуучу жайга ээ болду

Бишкек мэриясына караштуу "Тазалык" ишканасы автоматташтырылган унаа жуучу жайга ээ болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган унаа жуучу жайда күнүнө 10-15 унааны жууганга мүмкүнчүлүк болот. Учурда ишкананын өзүнүн 50 атайын техникасы бар. Ошондой эле жүк ташуучу, көчө шыпыргыч, шаарды жашылдандыруу кызматкерлери болуп баш-аягы 500дөн ашуун адам эмгектенет.

Андан сырткары маалыматта ишкананын башка бир топ бөлүмдөрүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы да айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан