Президенттик фонддон Өзгөндөгү жер көчкүдөн жабыр тарткандарга турак үй курууга материалдык жардам бөлүндү

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Өзгөн районунун Заргер жана Жалпак-Таш айылдык аймактарындагы жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тарткандарга 7 жеке турак үйдү курууга президенттик фонддон 10 490 900 (он миллион төрт жүз токсон миң тогуз жүз) сом бөлүп берди. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын турак жай курууга каражат бөлүү тууралуу чечими жаратылыш кырсыгынан үйлөрү жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн оор материалдык абалын эске алуу менен кабыл алынган.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Өзгөн районунда көчкү жүрүп ондогон үй-бүлөлөр оор жоготууларга учураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
grace
2017-07-19 19:53:43
Чоң-Алайдагыларга да берсин анча болуптур.
0
yrysbek
2017-07-20 08:38:43
Шайлоо шайлоо шайлоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан