"Энелер күнүнө" карата Ош облусунда энелер акысыз медициналык текшерүүдөн өтүп жатышат
"Энелер күнүнө" карата Ош облусунун бардык райондорунда жана айылдык округдарында энелерге сый-урмат көрсөтүү максатында салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүүдө",- деп билдирет облустук администрациянын басма сөз кызматы. Иш-чараларга өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышууда. Айта кетсек, "Энелер күнүнө" карата облус жетекчиси Сооронбай Жээнбеков 35 энени Ардак баракчалары жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө буйрук чыгарган. Ошондой эле облуста "Энелерге кам көрүү" жумалыгынын алкагында энелерди акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүү уюштурулуп, ал медициналык мекемелерде жүрүүдө.