Франциялык мэр "ПСЖ" Чемпиондор Лигасында "Барселонага" утулуп калганы үчүн сазкундузду жеди
Сазчы куну
Франциянын Мон-де-Марсан шаарынын мэри Шарль Дайо "ПСЖ" менен "Барселона" беттеши боюнча мелдешти уттурган соң убадасын аткарып сазкундузду жеди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.
Маалыматка ылайык, жаз мезгилинде өткөн Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын алкагында "ПСЖ" 4:0 эсебинде "Барселонаны" жеңген, Шарль Дайо "бул жеңиштен кийин "ПСЖ" кийинки баскычка өтө албаса, келемишти жейм" деп убада берген. Жооптук беттеште "Барселона" 6 гол киргизип, "ПСЖнын" финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн алып койгон.
Шарль Дайо өзүнүн берген убадасын 22-июль күнү аткарды. Мон-де-Марсан шаарынын жергиликтүү ашпозчулары мэр үчүн атайын келемиштин ордуна кемирүүчүлөр түркүмүнө кирген сазкундузун кууруп беришкен. Мэр аны жеп жаткан кезде столдо "Барселонанын" футболкасы турган, ал эми "ПСЖнын" формасы менен ал оозун аарчыган.
Франциянын шаарынын мэри келемишти жеди
Автор: Нурсултан Нурболот уулуФото: Интернеттен алынган