21-майда Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитети депутат Бакыт Төрөбаевге байланыштуу маселени жабык эшик артында кароодо. Мындай чечимди аталган комитеттин төрайымы Айнуру Алтыбаева кабыл алды. Эске сала кетсек, буга чейин парламентте “Республика” фракциясы Бакыт Төрөбаевди вице-спикерлик кызматтан четтетүү маселесин көтөрүшкөн. Себеби ал фракциядан чыгып, депутаттык топторго кошулган. "Республикачылар" Төрөбаев фракцияда жок болгондуктан фракциянын атынан вице-спикер болууга укугу жок дешүүдө.