Учурда өлкөдө ВИЧке чалдыккан энелерден төрөлгөн 59 бала бар

Республика боюнча ВИЧке чалдыккан 4745 адам болсо, анын 4500ү кыргызстандык жарандар. Бул тууралуу 21-майда Бишкек шаардык мэриясында өткөн координациялык кеңештин жыйынында айтылды. Бишкекте ВИЧ илдетине кабылгандардын саны 600, бул көрсөткүчтө катталган адамдардын гана саны. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абал ички миграциянын, жаңы конуштардын өсүшү менен байланыштуу. “Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 21 түзөтүү мекемеси жайгашкан. Абактан бошонгондор Чүй облусунда, Бишкек шаарында калышып, жалпы эпидемиологиялык абалдын төмөндөө шарттарын түзүшөт. ВИЧ оорусунун шаардагы дагы бир өзгөчөлүгү, “шектүү топко” кирбеген аялдардын ооруну жугузуусу. 2005-жылдан бери оорулуу энелерден ВИЧ илдети менен балдардын төрөлүшү катталууда. Бүгүнкү күнгө чейин оорулуу энелерден андай илдет менен 59 бала төрөлгөн, 12 бала диспансердик каттоодо турат”,- деген маалыматтар айтылды координациялык кеңештин жыйынында. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан