Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 22-майдагы жыйынына Бишкек шаарындагы Юридикалык академиянын студенттери катышууда. Төрага Асылбек Жээнбеков аларга ийгиликтерди каалады. «Илим-билимде ийгиликке жетишкиле. Кийинки жашооңордо жакшылыктар коштосун»,- деди төрага. Айта кетсек, жаштарды ЖКга экскурсияга алып келүү, депутаттардын иши менен тааныштыруу демилгесин депутат Дастан Бекешев көтөрүп чыккан.