ЖКда Кыргызстан аркылуу НАТОнун жүгүн ташуу ишин жөнгө салчу эл аралык келишим кайра кайтарылды

Жогорку Кеңеште НАТОнун аскер жүгүн ташуу ишин жөнгө салууга багытталган “Чикаго шаарында 2012-жылдын 22-майында кол коюлган, коопсуздукка көмөктөшүү эл аралык күчтөрүнүн Кыргызстандын аймагы аркылуу жер менен ташылуучу жүктөрүнүн транзитине карата КРнын Өкмөтү менен НАТОнун ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, өкмөткө кайра кайтарылып берилди.  

 

Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун айтымында, бул эл аралык келишимге Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан өкмөттөрү тарабынан кол коюлган. Ага ылайык, Ооганстандан Кыргызстанга, Кыргызстандан Ооганстанга жүк ташуу иштерине кыргыз жүк ташуучулары гана тартылат. Аларды НАТО өзү тандап алууга тийиш. Келишим кол коюлган күндөн тартып иштеп жатат. Эми аны ратификациялап, мыйзамдаштыруу милдети турат.  

 

Талкуунун жүрүшүндө келишим парламент тарабынан ратификацияланбай туруп эле, кол коюлган күндөн тартып иштеп жаткандыгы, ташылган жүк парламенттин макулдугусуз эле Тышкы иштер министри тарабынан бошотулгандыгы белгилүү болду. Бир катар депутаттардын пикиринде, мындай аракет улуттук мыйзам талаптарына да, Кыргызстандын кызыкчылыгына да туура келбейт, келишимде каралган бардык жагдайлар кайрадан иликтенип чыгуусу зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан