Беларусь бийлиги Кыргызстанга экс-президент Курманбек Бакиевди бербейт

Беларусь бийлиги Кыргызстанга экс-президент Курманбек Бакиевди берүү тууралуу маселени карабайт. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары беларустук укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен билдирди. “Курманбек Бакиев Беларустун жараны болуп эсептелинет. Ал эми Беларустун мыйзамына ылайык, өлкө жарандары башка мамлекеттерге берилбейт”,- деп жазылат билдирүүдө. Буга чейин “Интерфакс” маалымат агенттиги Беларусь өлкөсү Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөргө макул болгондугун жарыялаган эле.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан