25-майда саат 9:00дө Бишкек шаарындагы мектептерде окуу жылынын аякташына арналган Акыркы коңгуроо майрамы салтанаттуу түрдө белгиленет. Быйылкы окуу жылында Бишкек шаарында мектепти 11-класстын 4573 окуучусу, 9-класстын 9108 окуучусу аяктоодо. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлгөн күнү ата-энелер бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликте экендиги мектеп администрациялары тарабынан эскертилди. Ошондой эле 24-июнда саат 14:00дө өзгөчөлөнгөн аттестаттар жана медаль ээлеринин салтанаттуу сыйлоо иш-чарасы Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун катышуусу менен өткөрүлөт.