Бүгүн, 23-майда саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбордогу Панфилов көчөсүндөгү №178-164-көп кабаттуу үйдө, Ынтымак конушунда, Левоневский, Матыев, Элебесов көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Ошондой эле Чүй облусундагы Кемин районуна караштуу Ак-Түз айылынын түштүк тарабында, Шабдан, Тар-Суу, Кайыңды, Көлмө-Ашуу, Кызыл-Байрак, Төрт-Күл айылдарында, Аламүдүн районундагы Башкара-Суу, Жал, Заречное айылдарында, Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын Совет, Киров, Пионер, Пограничная көчөлөрүндө, Ново-Павловка айылынын Деповская көчөсүндө да электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, бул өчүрүүлөр тийиштүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.