Ош - Бишкек унаа жолундагы "Төө-Ашуу" тоннелине электр жарыгы берилди

Ош - Бишкек унаа жолундагы "Төө-Ашуу" тоннелине жана Суусамыр өрөөнүнө 22-майда электр жарыгы берилди. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Эске сала кетсек, 20-май күнү саат 15:40 чамасында “Төө-Ашуу” капчыгайынан таш кулап, ал жогорку чыңалуудагы “Сосновка - Төө-Ашуу” электр чубалгысын үзүп кеткен. Мунун кесепетинен Суусамыр өрөөнү, ошондой эле ашуудагы аталган тоннель электр жарыгысыз калган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан