23-майда Бишкекте “Балдар, абайлагыла!” аттуу унаа жүрүшү болду. Айта кетсек, бул акция балдардын жол кырсыгына кабылышын азайтуу, жол коопсуздугу боюнча ата-эне жана айдоочуларга эскертүү берүү максатында уюштурулду. Жүрүш борбордогу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын имаратынан башталып, Байтик баатыр, Абдырахманов, Чүй көчөлөрү, борбордук "Ала-Тоо" аянты, Абдымомунов, Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрүнөн өттү. Иш-чарага шаардагы бир катар мектептердин 8-классынын окуучулары, жаш инспекторлор катышты. Аталган мекеменин кызматкери Тилек Оторовдун айтымында, мындай акциялар кырсыктын алдын алууга жардам берет. “Акция жылына 2 ирет өткөрүлөт. Иш-чарага сөзсүз мектеп окуучулары да катышып келет. Бардык жаш өспүрүмдөргө, ата-эне жана айдоочуларга “жолдо этият болгула!” деп айтар элем”,- деди Тилек мырза. Жүрүш учурунда мектеп окуучуларына бекер балмуздак таратылды.
Айта кетсек, Бишкекте 4 ай ичинде 764 жол кырсыгы катталып, 31 адам каза таап, 961 адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Жаш балдар катышкан 136 жол кырсыгы катталып, 1 өспүрүм көз жумган.