Жантөрө Сатыбалдиев: "Мамлекет инвестицияга суусап турганда өлкөдө митингдердин көп болуп жатканы өкүнүчтүү"

2012-жылы Кыргызстанда 1286 митинг өткөндүгүн бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айтымында, былтыр Бишкекте 726 митинг өткөн. “Бул көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу 144кө көп. Нааразычылыктардын көпчүлүгү кен байлыктарды иштетүүгө байланыштуу болгон. Жолдорду тосуп алуу, бийлик өкүлдөрүнө кол көтөрүүлөр дагы орун алган. Ушундай кырдаалда кайсы инвестор Кыргызстанга акча салсын? Мамлекет инвестицияга суусап турганда бул көрүнүштөрдүн болгону өкүнүчтүү”,- деди өкмөт башчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан