Кыргызстандын экономикасы жалгыз “Кумтөрдөн” көз каранды болбошу керектигин премьер-министр билдирди

Кыргызстандын экономикасы бир ишканадан – “Кумтөрдөн” көз каранды болбошу керектигин бүгүн, 23-майда ЖКнын жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айтымында, үстүбүздөгү жылдын акырына чейин Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү завод курулуп бүтөт. “Кудай буйруса, "Талды-Булак Левобережный" алтын кенинин курулуш иштери декабрь айында бүтөт. Ошондой эле “Иштамберди” алтын кенин быйыл көзөмөлгө алдык. Ал эми “Бозумчак” кенин ишке киргизүүнү көздөп жатабыз”,- деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан