Кыргызстанда көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу 2013-жылы 4 миллион 256 миң адам өткөн
Кыргызстанда көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу 2013-жылдын январь айынан бери 4 миллион 256 миң адам өткөн. Мындан сырткары 450 миң авто унаа өткөндүгүн Чек ара кызматы билдирди. Бул убакыт аралыгында мамлекеттик чек араны бузуп өтүү фактысы боюнча 45 жаран, чек ара режимин бузуу фактысы боюнча 19 жаран кармалган. Ошондой эле 219 адам депортацияланган.