2012-жылы Кыргызстанда 16 камсыздандыруу компаниясы иштеген

2012-жылы Кыргызстанда 16 камсыздандыруу компаниясы иштегендигин Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызмат билдирди. Алардын дүң кирешесинин көлөмү 399 миллион сомду түзгөн. Бул көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу 22,5 пайызга көп. Ал эми баланстык кирешеси 79,6 миллион сом болуп, 2011-жылга салыштырмалуу 9,7 пайызга жогору болгон. Ошондой эле алардын ичинен 13 компания кирешелүү деп табылса, 3 компания рентабилдүү эмес деп табылып, алардын чыгымдары 2,3 миллион сомду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан