"Центерра Голд" компаниясы “Кумтөр” долбоору боюнча салыктын жаңы түрүнүн шарттары менен макул болгон жок". Бул тууралуу бүгүн, 23-майда ЖКнын жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айтымында, аталган компания өзүнүн сунушун айткан. “Биз азыр ал чечимдин үстүнөн иштеп жатабыз, чечим кабыл алына элек",- деди өкмөт башчы. Ошондой эле премьер-министр "Центерранын" директорлор кеңешиндеги мүчөлөр Канада жана Кыргызстан тараптан бирдей шайланары тууралуу чечим кабыл алынгандыгын айтты. “Директорлор кеңешинин төрагасы жыл сайын алмашып турат. Сүйлөшүүлөр узакка созулуп калды, бирок “Кумтөрдүн” иштөөсү бир күнгө да токтогон жок”,- деди Сатыбалдиев.