Жумгал районунуда "Суу - өмүр булагы" аттуу дилбаян сынагы болуп өттү

23-майда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айылындагы С.Медетов атындагы орто мектепте окуучулар арасында “Суу - өмүр булагы” аттуу дилбаян сынагы болуп өттү. Сынак бүткүл дүйнөлүк суу күнүнө карата уюштурулган. Максаты – айылдардагы мектеп окуучулары арасында таза суу маселесине көңүл буруу жана суу тармактарына байланышкан көйгөйлөрдү алдын ала билүү, сууну сарамжалдуу пайдалануу менен таза колдонуп, санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу. Жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган окуучуларга баалуу сыйлыктар жана сыйлоо баракчалары тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан