23-майда Ысык-Көл районунун Ананьево айылына караштуу аймактан 3 гектар аянт өрттөндү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук өрткө каршы күрөшүү кызматынын ага инспектору Бекжан Жексенбиев билдирди. Маалыматка таянсак, өрт өчүрүүчүлөр өрттү саат 10:10дөн баштап 12:15ке чейинки аралыкта өчүрүп бүтүшкөн. Өрт чыккан жер көл жээгине жакын болгондуктан, суу насос менен сордурулуп, жалынга каршы колдонулган.