Белгилүү болгондой, акыркы күндөрү Бишкектин аймагында мыйзамсыз жайгашкан курулуштарды бузуу иштери кызуу уланып жатат. Ушундай себеп менен бүгүн, 24-майда шаардагы жаңы автовокзалдын маңдайында жайгашкан чачтарач, акча алмаштыруучу жай жана интернет клуб бузулуп жатат. Чачтарачты ижарага алып, иштетип жаткан Миргүл Алымбекова мэрия имаратты бузар алдында эч кандай эскертүү бербегенин айтат. “Мурда бул жер даараткана болчу, ал мезгилде абалы аябай начар эле. Биз оңдоп, түздөп алганбыз. Бирок эмне себептен бузуп жатат, биз билбейбиз. Менимче, бул жерге дагы бир бай келип, бир нерсе курат болуш керек”,- дейт ал. Ал эми мэриянын кызматкерлери жооп берүүдөн баш тартышты. Мындан кийин Жумаш Куттубаев аттуу аталган имарат жайгашкан жердин ээси менен байланышканда “ Жок дегенде алдын ала айтып коюшса, ишчилер өз эмеректерин убагында чыгарып кетишмек да. Эми сотко кайрылабыз”,- деп жооп берди.