Башкы прокурор Аида Салянова бүгүн, 24-майда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен менен жолугушту. Бул жолугушуу депутат Каныбек Иманалиев менен аталган элчинин буга чейинки жолугушуусунда айтылган “АКШнын Максим Бакиев боюнча далилдер жетишсиз болгондуктан, АКШ кылмыш ишин токтотту” деген маселе боюнча уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө кылмыш иштерине байланыштуу тараптардын биргеликте кызматташуусу тууралуу сөз болду, анын ичинде АКШнын тиешелүү органдарына Бакиевдердин каражаттарды жана мүлктөрдү менчиктеп алгандыгы тууралуу Башкы прокуратура жиберген маалыматтары тууралуу пикирлер айтылды. Ошондой эле Аида Салянова Америка тарап менен укуктук жардам суроодо алардын мыйзамына ылайык тыгыз иштешүү керектигин белгиледи.