Жакында Москва шаарында “Инновациялык медициналык технологиялар” аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү. Ага Ош облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынын бет-жаак бөлүмүнүн башчысынын орун басары Абдрахман Ешиев катышып, бет-жаак хирургиясынын инновациялык ыкмалары, технологиясы жана материалдар тууралуу доклад жасады. Ешиев өз докладында айткан технологиялар учурда Ош жана Жалал-Абад облустарынын дарыгерлери тарабынан колдонулуп, өз жыйынтыктарын берип келет. Конференцияда кыргызстандык хирургдун ойлоп тапкычтыгын жана өз ишине берилгендигин баалап, москвалык кесиптештери ага Нобель атындагы медаль жана сыйлоо күбөлүгүн тапшырышты. Белгилей кетсек, А.Нобель атындагы медаль орусиялык Табият таануу академиясынын президиуму тарабынан бекитилип, ойлоп табуучулукту өнүктүрүүгө салым кошкон адистерге жана илимпоздорго берилет.