Бишкекке математик, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Жон Нэш келет

27-май күнү Бишкектеги Хаят мейманканасында “Игры разума” тасмасында башкы каармандын прототибин жараткан "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Жон Нэш дарс окуйт. Бул тууралуу Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын басма сөз кызматы билдирди. Ачылыштары жашоонун ар кандай чөйрөсүндө колдонулуп келген даанышман математик Кыргызстанга аталган окуу жайдын чакыруусу менен келет. Ал өлкөнүн жетекчилиги менен 3 жолугушууга барып, эксперттик коомдордун, студенттердин жана окуу жайлардын окутуучуларынын алдында “Идеалдуу акчалар, сактоо жана үнөмдөө мотивдери” темасында дарс окуйт. Эске салсак, былтыр, 2012-жылы "Нобел" сыйлыгынын дагы бир ээси Жеймс Маррлис келип, бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларга катышуу менен коомдук дарс окуп кеткен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан