Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Чолпон-Ата шаарындагы “Ден соолук” реабилитациялык борборунда болду

Бүгүн, 24-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Ден соолук” реабилитациялык-медициналык борборунда болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Бул борбор соттун чечими менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген. Имараты 13,5 гектар аянтты ээлейт жана курулуш иштеринин жарымы гана бүткөн. Ал эми курулуштун жарымын бүтүрүү үчүн 10 миллион сом сарпталат. Өкмөт башчы бул борборду санаторийге айлантуу сунушун айтып, аталган жайды кандай максатта колдонуу керектиги тууралуу бир канча варианттар бар экендигин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан