Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков Азербайжандын Баку шаарында жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюталык фонддун парламенттик түйүнүнүн конференциясына катышты. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чара 23-24-май күндөрү болду. Аталган конференциянын ишине дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнүн парламенттеринин депутаттары, Дүйнөлүк банктын Тышкы байланыштар боюнча вице-президенти Сирил Мюллер, Эл аралык валюталык фонддун тышкы байланыштар боюнча вице-президенти Рода Викс-Браун жана эл аралык финансы институттары менен жарандык коомдордун өкүлдөрү катышты.
Анын жүрүшүндө дүйнөлүк экономикалык каатчылыктын кесепеттерин, тоо кен өнөр жайы тармагында айкындуулукка жетүүнүн жолдорун, жеке секторлорду өнүктүрүүнү, бул маселелерди чечүүдө парламентчилердин ордун жана Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюталык фонд менен парламентчилердин кызматташуусун талкуулашты. Конференциянын жүрүшүндө депутат Карганбек Самаков Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюталык фонддун парламенттик түйүнүнүн төрагасы, Бельгия парламентинин депутаты Алайн Дестехе, Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюталык фонддун өкүлдөрү жана Азербайжан, Таиланд, Япония, Индонезия, Улуу Британия, Түркия парламенттеринин депутаттары менен жолугушууларды өткөрдү.