Бишкекте 12-сентябрда "Таза шайлоосуз таза коом жок" аттуу кыймыл түзүлүп, анын бет ачары өтүүдө.
Сөз арасында Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Зайнидин Курманов азыркы өкмөттүн жаштардын өкмөтү дегенге көз карашын айтты. "Технократтык өкмөт, өкмөткө жаштар келди деп айтылууда. Жаш эмес, көбү 40 жашка чыгып калышкан. Африкада 40 жаш - өлүмгө аз калган жаш болуп саналат", - деди Курманов.
Буга чейин өкмөт мүчөлөрүн "жаштар" деп атоого каршы экенин Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев да айтып чыккан. Акаев 35-40 өтө деле жаш деп саналбасын, убагында Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков өңдүү инсандар 25 жашында мамлекетти түптөшкөнүн баса белгилеген эле.