24-майда Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылындагы Т.Байсалов атындагы орто мектептин мугалимдер жамаатына өрт коопсуздугу боюнча угуу өткөрүлду. Нарын райондук жана шаардык өрткө каршы күрөшүү кызматынын ага инспектору Самарбек Абдрахманов мугалимдерге жана чарба кызматкерлерине бул тууралуу түшүндүрмө берип, өрт коркунучу учурунда алгачкы көрүлүүчү чараларды кандай тартип менен көрүү керектигин маалымдады. Мектепте өрткө каршы колдонулуучу каражаттар жетишсиз экендиги да баса белгиленди. Мындан сырткары мектептин алдынкы окуучусу Толгонай Асановага 500 сом стипендия тапшырылды.