Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси
Абдурахман бин Саид Аль-Жума 24-майда өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн мындан аркы мамилелеринин өнүгүшү жана туруктуу кызматташтыгы тууралуу пикир алышты.