Шаар мэри Иса Ɵмүркуловду №20-мектеп-гимназиясынын таланттуу окуучулары кыргыз күүлөрүн чертип тосуп алышты

Бүгүн,
25-май өлкөдөгү бардык мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коӊгуроо жаӊырууда.
Бишкек шаарынын мэри Иса Ɵмүркулов борбор калаадагы №20-мектеп-гимназиясында болуп, бүтүрүүчүлөрдүн
Акыркы коӊгуроо аземине катышты. Аталган мектептин алдындагы "Нуска"
комузчулар ийрими шаар башчысын кыргыз күүлөрү менен тосуп алышты. Иса Ɵмүркулов бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга алдыдагы мамлекеттик сынактарына
ийгиликтерди жана кеӊ келечек каалады. Мектеп бүтүрүүчүлөрү 11 жыл окуткан эже-агайларына ыраазычылык
билдирип, акыркы коӊгуроо жаӊырганда көздөрүнө жаш алышты. Салтанаттуу аземде жаӊы мектеп босогосун аттаган 1-класстын окуучулары бүтүрүүчүлөргө гүл тапшырып, концерттик
программа тартууланды. Соӊунда бүтүрүүчүлөр шаар мэри И.Ɵмүркуловго чакан белек беришти. Мектеп директору Чолпон
Кудайбергенова билдиргендей, быйыл аталган мектепти 32 бүтүрүүчү аяктап, алардын ичинен 1 окуучу
артыкчылык аттестатына ээ болмокчу.