Саламаттык сактоо департаменти Бишкектеги колдоого муктаж балдарды акысыз медициналык кароодон өткөрөт

Бишкек мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаменти 1-июнь - Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнүн алкагында, шаардагы жашоо-турмушу начар, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөдөгү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, кароосуз калган балдарга медициналык жардам көрсөтүү багытында комплекстүү иш-чараларды баштады.

"Азырыкы учурда социалдык колдоого муктаж болгон балдардын ден соолугу тынчсызданууларды туудурууда. Аталган категориядагы балдар кургак учук, инфекциялык жугуштуу оорулар боюнча адис-дарыгерлердин кароосунан өтүшөт. Оорулуу балдар диспансердик каттоого алынып, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда дарыланышат жана дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат",- деп билдирет мэрия.

 
Мындан тышкары медициналык кароолор кароосуз калган балдардын баш калкалоо борборлорунда да уюштурулат. Аталган иш-чаралар Бишкек шаардык мэриясы, райондук администрациялар, укук коргоо органдары менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин өткөрүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан