Бүгүн, 25-майда Бишкектеги Д.Асанов атындагы аскердик лицейдин бүтүрүүчүлөрүнүн Акыркы коңгуроосу жаңырды. Бул лицейде быйыл 27 бүтүрүүчү бар. Иш-чара алгач Акыркы коңгуроого арналган чакан митинг менен башталып, анда Дайыр Асановдун эстелигине гүл коюлду. Иш-чара салтанаттуу түрдө ачылгандан соң лицейдин башчысы Дамир Өзбеков сөз сүйлөп, бүтүрүүчүлөгө каалоо-тилегин айтты. Андан соң Д.Асановдун жубайы Жамал апа сөз сүйлөп “Силерди дүйнөгө алып келген ата-энеңерге чоң рахмат! Эми лицейиңердин атын өчүрбөй, кыргыз эленин керегине жараган жигиттерден болгула”,- деп батасын берди.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Коргоо министрлигине караштуу аскердик даярдоо окуу бөлүмүнүн башчысы Мирбек Казымбеков министрдин буйругу менен лицейдин башчысынын биринчи орун басары Урустам Чайбековго полковник наамын ыйгарды. Салтанаттын алкагында “лицейдин 27-бүтүрүүчүсү - 2-рота” деген жазуусу бар шарларды асманга учурушту. Бүтүрүү кечесине арналган концерт башталып, анда 3-курстун студенттери куралсыз мушташуу боюнча өз өнөрлөрүн ата-энелери, мугалимдер жана башкаларга көрсөтүштү.
Майрам бүтүрүүчүлөрдүн ыр-бийи менен коштолду.