25-майдагы өкмөттүн жыйынында Кыргызстандын аймагына жаратылыш газын жеткирүү жана бөлүштүрүү боюнча орус-кыргыз өкмөттөрү ортосундагы макулдашуунун долбоору жактырылды. Макулдашуунун негизги максаты - эки өлкөнүн биргеликте жана узак мөөнөткө Кыргызстандын аймагына газ жеткирүүдөгү кызматташтыгын камсыздоо болуп саналат. Макулдашууга кол коюлгандан кийин "Газпром" Кыргызстанга газ жеткирүү иштерин баштайт. Мындан сырткары КРнын газ берүү системинде бир катар оңдоп-түзөө иштери жасалмакчы. Ошондой эле бул макулдашууга ылайык аталган орусиялык компания 5 жылдын ичинде КРнын газ тармагындагы инфраструктураны жакшыртуу максатында 20 миллиард рубль инвестиция салууну кепилдөөдө. Айта кетсек, "Кыргызгаз" Орусияга сатылган учурдан тартып ишкананын карыздары аталган өлкөнүн моюнуна жүктөлөт.