Индиянын Орисса штатынын жашоочусу алкоголдук ичимдик жана уюлдук телефон сатып алуу үчүн 11 айлык баласын чоочун адамдарга саткан. Бул тууралуу британиялык "The Sun" гезити жазып чыкты.
Маалым болгондой, алкоголдук ичимдик менен жабыркаган жана пол жуугуч болуп иштеген эркек өзүнүн 11 айлык ымыркайын 270 фунт стерлингге (болжол менен 25 миң сом) сатып, ал акчага өзүнө уюлдук телефон, 7 жаштагы кызына билерик жана спирт ичимдигин алган. Ошондой эле бул окуяга анын байкеси жана социалдык органда иштеген кызматкердин да тиешеси бар экени жазылган.
Ал эми наристени 60 жаштагы жубайлар сатып алышкан. Алар 2012-жылы 24 жаштагы уулу мезгилсиз дүйнөдөн кайткандан бери депрессиядан чыга албай келишкени белгилүү болгон.