Эдил Байсалов "Liglass" тууралуу: "Мен өлкөнү ири шылуундардан куткарып калдым"

Бишкекте бүгүн, 18-сентябрда активист Эдил Байсалов маалымат жыйын берүүдө. Тема - Кыргызга ГЭС курарын билдирген "Liglass" компаниясынын тегерегиндеги кырдаал.

Байсалов: "Liglass" компаниясынын жетекчилигинин күнөө коюусуна жооп берип коюшум керек. Компания боюнча 2 айдан бери айтып жаткан маалыматтарым чын, бул бүгүн далилденди. Бул компанияда репутация, каржы жок, көчөдө жүргөн эле бирөөлөр. Колунда Кыргыз өкмөтү менен түзгөн келишимден башка эч нерсе жок. Буларды өкмөт алып келип, улуттук байлыгыбызды карматмакчы. Мен бүгүн сыймыктанам, өлкөнү ири шылуундардан куткарып калдым", - деп билдирди.

Эртең, 19-сентябрда "Liglass" компаниясы убада кылган 37 миллион долларды Кыргызга которуу мөөнөтү бүтөт. Бишкекте бүгүн аталган компаниянын жетекчилиги маалымат жыйын берип, Кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүгө келгенин айтышты. Бирок 37 миллион доллар качан которуларын айта алышкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан